super.kg logo

Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 Тик учагын тапшырды (фото)

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын ыкчам жардам көрсөтүүсүнө ылайыкталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды.
МИ-8МТВ тик учагы - жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы варианттарында чыгарылган көп максаттуу тик учак. Тик учактын негизги максаты – жүк бөлүгүндө 4 тоннага чейинки салмактагы жүктөрдү ташуу, таразалоочу аппарат менен жабдылган тик учакка орнотулган тышкы кабелдик асма чоң өлчөмдөгү жүктөрдү ташууга мүмкүндүк берет. Тик учактын баасы 12 миллион доллар.
Мамлекет башчысы салтанаттуу аземдин алкагында Кыргызстанга асыл миссия менен келген Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясына ыраазычылык билдирди.
"Бул гуманитардык долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын март айында биринчи этапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 даана өрт өчүрүүчү автоцистерналар берилген, алар биздин өрткө каршы кызматыбызды кыйла бекемдеди жана азыркы учурда өрттү өчүрүүдө, авариялардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда ийгиликтүү колдонулууда. Бүгүн биз Сиздер менен МИ-8 тик учагын кабыл алуу-өткөрүп берүү аземинин экинчи этабынын аякташына катышып жатабыз.
МИ-8 эң заманбап авиациялык талаптарга жооп берет, издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган, бул өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында турган милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн абдан зарыл", - деп белгиледи президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: