super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду оюн учурунда күйөрманы талаага чуркап чыккандыктан жаракат алып, алмашууга кетти (видео)

 

Атактуу футболчу Криштиану Роналду Португалия жана Босния Герцеговина беттешинде күйөрманы талаага чуркап чыккандыгына байланыштуу жаракат алып, алмашууга кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, биринчи бөлүктүн аягында телефон көтөргөн күйөрман талаага чуркап чыгып, бурчтан алыс эмес жерде турган Роналдуну кучактаган. Күзөт кызматы күйөрманды футболчудан алыстатуу аракетин көрүп жатканда алардын бирөөсү Роналдунун бутун басып алган. Мындан улам футболчу аксап, кийин алмаштырылган.

Оюндун өзү 5:0 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады. Оюнда Криштиану Роналду дубль жасаса, Бруно Фернандеш, Жоао Кансело жана Жоао Феликс бирден гол киргизишти.






Криштиану Роналду күйөрманынын айынан бутунан жаракат алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: