super.kg logo

"Чуркап барып кучакташып...". Карындашына кол салган кишини атып салган жаран камактан бошотулду

 

Токмокко жакын жерде карындашына кол салган кишини өлтүргөн деп кармалган адам камактан бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, сот карындашына кол салган адамды атып салган жаранга карата кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси менен бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындап, сот залынан бошоткон. Чечим бүгүн, 17-октябрда чыккан.

Эске салсак, 2022-жылы Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында 47 жаштагы эркек киши ок жеп каза болгон.

Маалым болгондой, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Айдоочу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок ал артынан барып, күч колдонуп, аялды сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы келип, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Окуя болгондон көп өтпөй аталган келин социалдык тармак аркылуу бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин суранган.






Карындашына кол салган адамды атып салган жаран камактан бошотулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: