super.kg logo

Өлкөдө 9 айдын ичинде 740 миңден ашык айдоочу жол эрежесин бузган

 

ЖКККББ 9 айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери ЖКККББы тарабынан жалпысынан 746 миң 673 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 396 миллион 92 миң 240 сом төгүлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 60 миллион 212 миң 170 сомго көп өндүрүлгөн.

Алардын ичинен:

- мас абалында унаа башкаргандар 8 миң 682 (13 пайызга азайган);

- ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар 125 миң 422 ;

- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 2 миң 409 ;

- тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар 7 миң 828 ;

- авто ээнбаштык кылгандар 282 ;

- коопсуз курун тагынбаган айдоочулар 178 миң 146 ;

- айдоого укугу жок жарандардын авто унаа башкаруусу 2 миң 101;

- техникалык абалы оң абалда эмес унааны башкарган айдоочулар 1 223 ;

- башка жол эрежелерин бузуулар 420 миң 582.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 59 миң 996 авто унаа убактылуу айып короо жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: