super.kg logo

Кыргызстан Ооганстан элине гуманитардык жана медициналык жардам көрсөттү

 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиршти.

Маалыматка караганда, 4-октябрдан 16-октябрга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Айыл чарба министрлиги, ТИМ жана ӨКМдан турган гуманитардык экспедиция Бадахшан провинциясына, ошондой эле Ооганстандын Кичи жана Улуу Памирине кургактык транспорту менен 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясы жеткирилди.

"Кыргызстандан педиатр, терапевт, стоматолог, гинекологдор барышты. Алар бийик тоолуу шартта, 4 миң 200 метр бийиктикте үч күн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрүштү жана дарылашты. Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, гуманитардык миссиянын жыйынтыгы боюнча ооган бийлиги жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар президентке, министрлер кабинетине жана Кыргыз элине көрсөткөн ар тараптуу камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жардамды тарыхый деп баалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: