super.kg logo

Сеид Атамбаев социалдык тармакта Алмазбек Атамбаев тууралуу тараган маалыматтарга комментарий берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу тараган маалыматтар боюнча билдирүү таратты. Ал бул туурасында Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, атасы учурда ден соолугу менен күрөшүп келе жатат. Социалдык тармакта тарап жаткан маалыматтар туура эмес.

"Урматтуу мекендештер! Акыркы эки күндөн бери атайын чагымчылдыкка түрткөн жана жаштарды саясий кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатат. Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт. Чагымчылдыкка алдырбагыла, туугандар. Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар гана уюштурушу мүмкүн. Биздин мамлекетибизге туруктуулук керек. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам", - деп жазган Сеид Атамбаев өз билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: