Бишкекте дарыгерлер онкологиялык оорулар боюнча талкуу өткөрүштү



Бишкекте онкологиялык оорулардын алдын алуу жана жеңүү тууралуу ток-шоу форматында талкуу болуп өттү. Ага Түркия, Орусия, Индия жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада Түркиядан келген белгилүү онколог Мурат Айхан, Орусиядан келген маммолог-онколог Чингис Мустафин, орусиялык технологиялык илимдердин доктору Михаил Федоров, индиялык акушер-гинеколог Джамшед Алам жана интеграциялык медицина клиникасын негиздеген орусиялык Дмитрий Раевский катышып, ар бири бул багытта маалымат беришти.
Катышуучуларга эркин форматта онкологиялык оорунун пайда болуу себептери, эгер ага кабылса дарылануу жолдору айтылды. Жолугушууга журналисттерден тышкары бул дартка кабылган адамдар дагы барышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Арасында бул дартты жеңген айрым бейтаптар башынан өткөргөн окуялары менен бөлүшүп, ооруга чалдыгып калгандарды дароо эле ооруга баш ийип бербестен, күчтүү дух менен күрөшүүгө чакырды.
Эл арасында “жаман оору” деп аталган онкологиялык дарт менен күрөшүүдө кадыресе салттуу медицинадан тышкары интегративдүү медицина же болбосо, адамдын ички ресурсу аң сезими, ички туюм жана адамдын денеси дагы ооруну кабыл албай, айыгуу үчүн иштөөсү үчүн атайын дарылоо ыкмалары бар экенин билдиришти.
"Интегративдүү медицина ар кандай медициналык багыттарда иш алып барат. Анын негизги оозуйпасы – медицинада кошумча багыт болуп, онкологиялык ооруларды дарылоодо натыйжалуулугун көрсөтүү", - деп билдирди Дмитрий Раевский.
Бардык спикерлер аталган ооруну толук жеңүүгө болбосо дагы анын алдын алууга болот деген пикирде.
Жыйынтыгында тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү жана туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн аздыгы дарттын пайда болушуна себепкер болушу мүмкүндүгү айтылды. Жашоо образы активдүү жана сергек жашагандар арасында ооругандар аз кездешерин бардык дарыгерлер белгилешти.
