Кышкы кабыл алууда кайсы ЖОЖдорго тапшырса болот?
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү абитуриенттерди кышкы кабыл алууда тапшырууга мүмкүн болгон жогорку окуу жайлардын тизмесин аташты. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда өткөн маалымат жыйында айтылды.
Алар:
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (ЖРТсыз)
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети
Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети (ЖРТсыз)
К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (ЖРТсыз)
Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук Көркөм Академиясы(ЖРТсыз)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети
А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
Б. Садыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
Маалымат үчүн: ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт.
