super.kg logo

Бишкекте "бомба бар" делген мектептер курчоого алынды

 

Бишкекте "бомба коюлду" делген мектептер милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-октябрда Бишкек ШИИББден тастыкташты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-октябрда саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына “ЭРУДИТ ИСИТ” жана “Газпром” жеке менчик мектептеринин аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ага ылайык, окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин жетекчилиги жана Октябрь РИИБнин тергөө-ыкчам тобу барышты. Мектептин аймагы дароо милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланган.

"Бишкектеги бир катар мектептердин жана ИИМдин электрондук почтасына бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү. Катта жарылуучу зат 10 саатка коюлганы жазылган. ИИМ ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Соңку убакта мындай окуялар көп болууда. Өткөн жылдын аягынан бери мектеп жана соода борборлорунда бомба коюлганы тууралуу маалымат бир нече жолу түшкөн", - деп билдиришти милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: