Суу камдап алыңыз. Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт
Эртең, 19-октябрда Бишкектин кээ бир аймактарында убактылуу суу берилбейт. Мэриядан чектөө «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу киргизилгенин билдирди.
Сууну өчүрүү саат 9:00 - 24:00 чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, «Жумушчу шаарчасы», «Институт Земледелия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).
«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
