super.kg logo

Кыргызстан Газа секторундагы ооруканага болгон соккуну кескин айыптады

 

Кыргызстан Газа секторундагы “Аль-Ахли” ооруканасына болгон соккуну кескин айыптайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта Кыргызстан эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырганы айтылат.

“Биз жарандарды жана жарандык инфраструктураны коргоону караган эл аралык гуманитардык укуктун принциптерин жана нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Ушуга байланыштуу биз тараптарды курмандыктарга жана карапайым калкка каршы зордук-зомбулукка жол бербөө жана согуштук аракеттерди токтотуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө жана тынчтыкка жетишүү таламында сүйлөшүү процессин токтоосуз баштоого чакырабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан Израил-Палестина жаңжалын Коопсуздук Кеңешинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактай тургандыгы белгиленди.

Эске салсак, Израилдин Газанын ооруканасына жасаган соккусунан 500дөй адам набыт болгон. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: