super.kg logo

Бишкекте аялдын эки баласы менен чогуу өлтүрүлүшү: Каза болгон аялдын апасы депутаттардан жардам сурады

 

Бишкектин 5-кичирайонунда балдары менен кошо өлтүрүлгөн Алтынай Канзаманованын апасы Жогорку Кеңештин депутаттарынан жардам сурады. Бүгүн, 18-октябрда 82 жаштагы Уру Дюшебаева парламент депутаттарынын форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө ал үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразылыгын билдирди.

“Бул каргашалуу окуя 16-февралда болгон, тогузунчу ай кетип жатат. Улам сот процесси ар түрдүү шылтоолор менен созулуп келе жатат. Соттор чечкиндүү болбой жатат. Кечээги сотто айыпталуучу өзүн куткарыш үчүн мурдагы айткандарын өзгөртүп жатканы бизди кыжаалат кылды. Бизге жардам берүүңүздөрдү суранам”,- деди Дюшебаева.

Жыйынга форумдун төрайымы Миргүл Темирбаева, депутаттар Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Аида Исатбек кызы, Нилуфар Алимжанова, Жылдыз Таалайбек кызы катышты.

Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештен кайрылуу жасап, сот процессин көзөмөл кылууга мыйзам чегинде көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Нилуфар Алимжанова маселе боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылуу жолдоо сунушун айтты. Ал эми эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жана гендердик тендик боюнча кеңештин 19-октябрда өтө турган жыйынына тийиштүү органдардын өкүлдөрүн чакырып, аталган маселени кароо сунушун берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: