super.kg logo

Сот Мадумаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчтү каанаттандырган жок. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Ольга Жукова билдирди.

Бүгүн, 18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча алдын ала соттук угуу жабык эшик артында өттү. Анда анын жактоочулары сотто саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришкен.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия эл өкүлүнө коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет.






18.10.2023

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: