super.kg logo

Beeline Apple компаниясынын расмий өнөктөшү катары iPhone 15 сатууну баштады

 

Beeline Кыргызстандагы Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу сатуучусу статусуна ээ болгон биринчи мобилдик оператор болуп эсептелет. Бул азыр анын кеңселеринде дүйнөнүн алдыңкы брендинин оригиналдуу продуктуларын, анын ичинде акыркы муундагы iPhone телефондорун сатып ала аласыз дегенди билдирет.

Мобилдик оператор сапатты, стилди жана функционалдуулукту баалагандардын баарын 20-октябрда Asia Mall соода борборундагы (-1-кабат) Beeline кеңсесинде боло турган iPhone 15 сатуунун башталышына чакырат. Саат 16:00дөн 20:00гө чейин конкурстарменен интерактивдүү программа өтөт. Оригиналдуу iPhone 15тин бактылуу ээси болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Мындан тышкары, сиз көптөн күткөн жаңы продуктуну дароо азыр алдын ала буйрутма кылуу менен ала аласыз. Бул функциянын жардамы менен сатуу башталганга чейин эле, сиз өзүңүзгө жаккан түстү тандоо менен бирге сизди кызыктырган iPhone моделин тандап алууга үлгүрөсүз.

Акыркы үлгүдөгү смартфондорду жана башка Apple девайстарын 20-октябрдан тарта Asia Mall соода борборундагы Beeline кеңселеринен жана Асыл-Таш бизнес борборунан (Ибраимов көч., 115) сатып алса болот. iPhone 15 сатып алган ар бир сатып алуучуну “Алтын+” категориясына чейинки кооз номер жана 4 жумага абоненттик төлөмү төлөнгөн “Супер безлимит” тарифи күтөт.

Apple'дын өнүмдөрүн компаниянын расмий өнөктөшүнөн сатып алуу менен, сиз өз тандооңузга ишене аласыз. iPhone'дун аныктыгын түзмөктүн уникалдуу идентификатору болгон IMEI/MEID номери аркылуу текшерүү мүмкүн.

Beeline: 25 жыл бою мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: