super.kg logo

 "Аны сүзүп кеткен унаа токтобой кетип калган". Иликтөөчү журналист жол кырсыгына кабылды

 

Иликтөөчү журналист, “Арча Медиа” басылмасынын журналисти жана “Соболум Бар!!!” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиев жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Журналисттин айтымында, ал бардык жол эрежелерин сактоо менен мотоскутер айдап баратканда артынан жеңил унаа сүзүп, токтобой кетип калган.

"Садырбаев көчөсү менен жогору бара жатканда арттан келе жаткан кара жеңил унаа мени коюп өтүп кетти. Мен кулап түштүм. Мени сүзүп кеткен жеңил унаа токтобой эле кетип калды. Учурда абалым жакшы. Эртең мындан да жакшы болуп калам деген ойдомун", - деди Султаналиев.

Учурда Сайпидин Султаналиев көптөгөн жаракаттар менен ооруканада жатат. Кырсык кечээ, 17-октябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин Садырбаев көчөсүндө болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: