Улуттук банк доллардын курсунун өсүшүнө комментарий берди
Азыркы учурда ички валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу сакталып турат жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү тенденцияларын, тышкы экономикалык шарттарды эске алуу менен өнүгүүсүн улантууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Кабарлангандай, акыркы убакта биздин өлкөнүн ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон сунуштан суроо-талаптын бир аз өсүшү байкалган, бул алмашуу курсунун кыска мөөнөттүү өзгөрүлмөлүү болушуна алып келген. Мындай тенденция өлкөнүн экономикасы үчүн мүнөздүү көрүнүш, ал сезон учурунда суроо-талаптын экономикалык жактан активдүү фазасы: жылдын төртүнчү чейрегинде керектөөнүн жана тиешелүү импорттун өсүшүнө байланыштуу.
Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлөрүн жана валютага болгон суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталарын эскертет.
Ушул жылдын башынан тартып доллардын сомго карата расмий курсу 4,25 пайызга өскөн.
Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп турат, зарыл болгон учурда акча-кредит саясатында жана мыйзамдарда каралган тиешелүү чараларды көрөт.



