super.kg logo

Кочкордо жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды 

 

Нарындын Кочкор районунда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кабарлангандай, кечээ, 18-октябрда Кочкор-Арал автожолунда белгисиз унаа Балыкчы шаарынын тургуну 1981-жылы туулган А.М. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

"Жөө жүргүнчү жол кырсыгынан алган жаракатынан улам Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү айдоочуну табуу максатында облус боюнча атайын "Перехват" операциясы киргизилип, райондун аймагына күзөттөр коюлуп, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Натыйжада Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан из жашырып кеткен айдоочу Кочкор районунун тургуну 1970-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран Subaru Legacy унаасы менен кармалып, андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: