super.kg logo

Өлкөдө зомбулукка кабылган аялдарга кызмат көрсөтүү борбору ачылат

 

Өлкөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар "Бирдиктүү терезе" аркылуу кызмат ала алышат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк банктын гендердик тобунун глобалдык директору Хана Брикси менен жолугушууда билдирди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушуу 2024-2030-жылдарга карата гендердик стратегия боюнча консультациялардын алкагында өттү.

Министрдин айтымында, учурда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү борборун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат, ал "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызмат көрсөтөт.

"Зордук-зомбулуктан жабыркагандар медициналык, консультациялык, социалдык, психологиялык, юридикалык кызматтарды, ошондой эле тергөө иштерине колдоо ала алышат. Азыркы учурда парламент депутатынын демилгеси менен "үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты, анда гендердик кылмыштар (мажбурлап жана эрте никеге туруу, үй-бүлөлүк зомбулукту криминалдаштыруу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган", - деди Баатырова.

Эмгек министрлигинин башчысы өлкөдө 18 кризистик борбор иштеп жатканын, алардын бири муниципалдык борбор экенин, калганы социалдык заказ аркылуу мамлекеттин каржылык колдоосу менен коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түзүлгөнүн белгиледи.

"Акыркы эки жылда министрлик тарабынан кризистик борборлорго зомбулуктан аман калган аялдарга керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн 14 миллион сом бөлүнгөн", - деди ал.

Жолугушууда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдардын лидерлигин колдоо, гендердик саясат жаатындагы адистердин потенциалын жогорулатуу жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу маселелери талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: