Муфтий баштаган аалымдар Палестинада курман болгондорго дуба кылды









Кечээ, 18-октябрь күнү "Имам Сарахсий" мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев жетектеген муфтият жамааты, Абдиманап Масалиев баштаган Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган дин аалымдары Палестинада курман болгон мусулмандардын рухуна багыштап көптөгөн Куран хатмдарын түшүрүп, оор сыноого кабылган палестиналыктар үчүн дуба кылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
"Ошону менен бирге эле дүйнөнүн ар тарабында сел, жер титирөө сыяктуу табият кырсыктарынан жабыркаган мусулмандарга да Алла Тааладан жардам сурады", - деп айтылат билдирүүдө.
Муфтий ушундай кезеңде Аллага жалбарып зикир кылуу керектигин, момун-мусулмандардын бири-бирине дуба кылуусу өтө зарыл экенин, тынчтык нээматынын маанисин айтып, Жараткандан жалпы үммөттүн амандыгын жана биримдигин тиледи.



