super.kg logo

Акылбек Жапаров Маданият министрлиги жана анын алдындагы мекеме жетекчилери менен жыйын өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана министрликтин алдындагы мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө президенттин “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу маселелери талкууланды, Жарлыкка ылайык республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүү аркылуу маданият, искусство жана спорт тармагына 673 миллион 515 миң сом бөлүнгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, бөлүнгөн каражаттар тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствону өнүктүрүүгө, маданият жана искусство уюмдарынын кадрдык потенциалын жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого, маданият тармагынын ченемдик укуктук базасын жакшыртууга жумшалат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров бөлүнгөн каражаттарды максаттуу бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалады.

“Өткөн жылдын апрель айында маданият кызматкерлеринин маянасы 100 пайызга көтөрүлсө, кийинки жылы аларды кайра кароо пландалууда. Эң негизгиси мамлекеттик колдоо, анын ичинде театр, музыкалык искусство жана билим берүү маданият чөйрөсүндөгү кырдаалды өзгөртө алат. Бул багыттагы чечимдер ыкчам жана эң негизгиси натыйжалуу кабыл алынышы керек”, – деп жыйынтыктады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: