super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар бир күндүк маянасын Палестина элине которушат

 

Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которушат. Мындай чечим парламенттин бүгүн, 19-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Аталган демилгени эл өкүлү Жалолидин Нурбаев менен Жаныбек Кыдыкбаев көтөргөн. Добуш берүүнү жыйынтыгында депутаттар демилгени колдоп беришти.

Маалымат үчүн: Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда.

Израил ХАМАСтын чабуулунан 1300дөн ашуун адамы өлгөнүн кабарласа, Палестина Газаны аткылоодон кеминде 3000 киши набыт болгонун билдирди. Мындан сырткары дагы 1200дөй адам урандылардын астында калууда. Алардын арасында 500дөй жашы жете элек балдар бар.

Учурда Израиль Газа тилкесине электр жарыгын жана суу берүүнү токтотуп, толук блокадага алган. БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү Израилдин аба күчтөрүнүн турак жайларды жана жарандык объектилерди мындай массалык бомбалоосун “геноцид актысы” жана “согуш кылмышы” деп аташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: