УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты ачылды (фото)





















УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда атайын кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, имараттын расмий ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.
"Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган", - деп айтылат билдирүүдө.
Камчыбек Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.



