super.kg logo

Бишкектин "Дордой" базарына жаңы автобус каттамы ачылды

 

Кечээ, 18-октябрдан тарта "Дордой" базарына №226 автобус каттай баштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, "Дордой" базарынын жумушчуларынын, базарга келүүчүлөрдүн жана администрациясынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды.

"Каттам Асанбай кичи районунан "Дордой" базарына чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 километр, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт. Каттамда 18 автобус кызмат көрсөтөт", - деп атылат маалымат.

Белгилей кетсек, бул ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында ишке ашырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: