Бишкекте менчик ээлери өз ыктыяры менен муниципалдык аймакты бошотуп берүүдө




Бишкекте менчик ээлери өз ыктыяры менен муниципалдык аймакты бошотуп берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Шевченко көчөсүндө өз билемдик менен орнотулган 14 темир гараж ээси тарабынан өз ыктыяры менен алынууда. Гараж ээлери жакын арада дагы бир нече гаражды өз ыктыяры менен алып салууну пландап жатышканын билдиришти.
Ошондой эле Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 20 тонналык контейнер алынды.
"Бишкек мэриясынын чечиминин негизинде Чыңгыз Айтматов проспектиси, 35 дарегиндеги жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн фондулук биржа үчүн кеңейтилген тосмону өз ыктыяры менен алып салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда муниципалдык жер тилкени бошотуу иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти мекемеден.
