super.kg logo

Президент "Кумтөрдү" өлкөнүн менчигине кайтарууда салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды (фото)

 

Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров геологияны, кен казуу өнөр жайын жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстандын менчигине кайтаруу боюнча ишке түздөн-түз катышкандыгы үчүн, ошондой эле “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ошондо III даражадагы “Манас” ордени менен:

- КР юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович;

“Даңк” медалы менен:

- КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Гильфанов Ильдар Вазифович;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич сыйланды.

“КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ибраев Марат Айылчиевичке ыйгарылды.

“КР геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча вице-президенти Турдукожоев Кубанычбек Асанбековичке ыйгарылды.

Ошондой эле КР Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун өндүрүш участогунун начальниги Айтакунов Сагалы Ногойбаевич;

- КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Алтыбаева Айнуру Тойчиевна;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун жеңил транспортту оңдоочу устаканасынын автомобилдерди оңдоо боюнча слесары Алчинов Улан Догдурбаевич;

- КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Арзыбаев Ныязбек Ирашевич;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун щелочтон тазалоо участогунун улук аппаратчиги Асанакунова Айнур Саламатовна;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун бургулоо-жардыруу иштери боюнча бургулоо орнотмосунун машинисти Асиев Мирбек Асанбекович;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун вице-президенти Долматов Дмитрий Анатольевич;

- КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн геологу Зубрицкая Надежда Петровна;

- пенсионер Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич ;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун инженердик-геологиялык бөлүмүнүн менеджери Кекиликов Темирбек Качкынбекович;

- КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы Кутубаев Замирбек Райымкулович;

- КР Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун карьерди суусуздандыруу жана кургатуу кызматынын устасы Садыков Кеңешбек Кадырович;

- “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча вахта автомобилинин айдоочусу Турдубеков Марат Ажибаевич;

- КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Шарапов Закир Эшматович;

- КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын экс-депутаты Эсенаманов Замирбек Садыбакасович.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: