Марлен Маматалиев: "Жол кирени 11 сомдон 15 сомго гана көтөрүү керек. 20 сом кымбат"
Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги коомдук транспортторго болгон жол акысын 11 сомдон 15 сомго гана көтөрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, Бишкек мэриясы Европа мамлекеттерин мисал катары келтирип, ошого карап жол кирени да көтөрүп жаткандыгын белгилеп, Кыргызстанды аларга салыштырбоону айтты.
"Мындан бир жыл мурун Бишкек мэриясы коомдук транспортторго болгон жол акысын көтөрөбүз дегенде токтотуп калганбыз. Мына азыр дагы жол кирени көтөрүүгө катуу киришип башташты. Алар 11 сомдон 20 сомго чейин көтөрөлү деп жатышат да. Алар аргумент катары Европа мамлекеттерин мисал катары келтирип жатышат. Европа мамлекеттеринин орточо айлыгы 200-250 миң сом болсо, ал эми биздики 20-25 миң сом. Кантип алар менен салыштырууга болот? Биз атайын ушул жол киреге болгон тарифти көтөрбөсүн деп электробустарды, газ менен жүрө турган коомдук транспортторду алгыла деп сунуштаганбыз. Тилекке каршы дагы деле ошол маселени көтөрүп жатышат. Мейли көтөрсүн, бирок 11 сомдон 15 сомго көтөрсүн. Күндүз 20 сом түнкүсүн 25 сом деген такыр туура эмес. Канчалаган жарандарыбызга бүгүнкү күндө 20-25 сом деген такыр туура келбей калат. Бул маселе боюнча комиссия түзүп, шаардык кеңештин депутаттарын, бизди кошсун. Ошонун негизинде бул маселени биргеликте иштеп чыгалы", - деди Маматалиев.
Депутат коомдук транспортто жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүгө каршы
