super.kg logo
  Саясат  

“Тилди тишке кысып сүйлөңүз". Депутаттар мал уурулуктун абак мөөнөтүнө байланыштуу кайым айтышты

 

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында мал уурдагандардын жазасын күчөтүп, 12 жылга чейин эркинен ажыратуу мыйзам долбоору каралды. Депутат Дастан Бекешев мал уурлук үчүн адам уурдоодон да катаал жаза берилишине каршы чыкты.

"Мен мал уурулук үчүн абакка кесилишине каршы эмесмин. Бирок мал менен адамдын өмүрү чындап эле бирдейби? Мындай өкүм боюнча Башкы прокуратура терс корутунду чыгарган. Комитет бул корутундуну колдогон жок. Бирок Мыйзамсыз курулуштар боюнча мыйзам долбоору боюнча комитет терс корутундуну колдоду, бул эки жүздүүлүк", - деп ачууланды Бекешев.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү комитеттин төрагасы, аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Сүйүн Өмүрзаков Бекешевден сөздөрүнө этият болууга чакырды.

"Сөзүңүзгө абайлаңыз, тилди тишке кысып сүйлөңүз. Бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз. Бирок мен сизди кечирем! Эч ким эки жүздүү эмес. Баардыгы мыйзам чегинде. Мыйзамсыз курулган курулуштар боюнча сунуштарыңыз мурунтан эле мыйзамда бар, мыйзам бузгандар мыйзам чегинде жоопко тартылышы мүмкүн. Андыктан коомду дүрбөлөңгө салуунун кажети жок", - деди ал.

Мындан сырткары, ал бул долбоордун арты менен кылмыштуулукту азайтуу максаты көздөлүп жатканын билдирди.

Ошол эле учурда депутат Дастан Жумабеков эшек уурдагандарга карата жазаны катуу кылбоону сунуштады.

"Эшекти жаш балдар ойноп минип кетип калышы мүмкүн. Ошол себептен айып пул салуу менен гана чектелиш керек" - -деди Жумабеков.






“Тилди тишке кысып сүйлөңүз". Депутаттар мал уурулук үчүн абак мөөнөтүнө байланыштуу кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: