super.kg logo

Бишкекте бир катар аялдамалар жаңыланды

 

Унаа тыгындарын алдын алуу, коомдук транспортторду ыңгайлуу токтотуу жана жарандарды коопсуз түшүрүү жана отургузуу үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы борбордогу аялдама комплекстерин жаңылоону улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Фучик көчөсү Аска-Таш мемориалдык комплексинен Чүй проспектисине чейин 8 аялдама комплексин алмаштыруу жана көрктөндүрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө 6 аялдама комплекси шаардын калкын тейлөөдө, дагы 2 комплекс бүткөрүү процессинде.

"Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишиндеги "Мамлекеттик салык кызматы" аялдамасы демонтаждалып жатат, дүмүрлөрдү алуу, аймактарды тазалоо жана таяныч дубалды монтаждоо иштери жүргүзүлүп, иштер 70 пайызга бүткөрүлдү.

Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде "Ала-Тоо" кинотеатрынын аймагындагы эски асфальт сыйрылып, түтүктөр жана бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Иштин 50 пайызын ушул айдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүндө "Цирк" жана Чүй жана Манас проспектилеринин ортосунда "Шумкар" аялдамасын орнотуу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө, аянтчаны уюштуруу комплекси орнотулгандан кийин башталат", - деп айтылат маалыматта.

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы тарабынан төмөнкү объектилерде иштер аяктады:

- Чүй жана Ч. Айтматов проспектисинин кесилишинде – "Филармония" аялдамасы;

- Чүй проспектиси менен Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Чүй проспектиси менен Ленин райондук администрациясынын маңдайындагы Фучик көчөсүнүн кесилишинде

- Шабдан баатыр жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Манас проспектисинде - "Шампанвинкомбинат" аялдамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: