super.kg logo

Кочкордун Ак-Кыя айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 19-октябрда Кочкор районунун Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кабарлангандай, аталган мектептин 150 орундуу, типтүү имараты президенттин курулушу көпкө созулган социалдык обьектилерди бүткөрүү иш-аракетинин натыйжасында бүткөрүлүп, ишке кирди.

Белгилей кетсек, мектептин 1953-жылы курулган мурдагы имараты 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген. 2015-жылы жаңы мектептин курулуш иши башталып, каражат толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш дээрлик 8 жылга созулган. Быйыл жетпеген каражаты каржыланып, республикалык бюджеттен 52 миллион сомго курулуп бүттү. Курулуш ишин “Имарат Строй” ишканасы жүргүздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: