super.kg logo

Бишкекте нандын баасы көзөмөлгө алынууда

 

Бишкекте нан азыктарынын (тандыр нан, 1-сорттогу бөлкө нан) бааларын негизсиз кымбатташы жана баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында өндүрүүчүлөрдүн, (наабайчылардын) нан сатуучулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, нан азыктарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 9-октябрындагы № 01-12/5 "Бишкек шаарында биринчи сорттогу буудай унуна (бөлкө нан) жана нан азыктарынын (тандыр нан) бааларын максималдуу деңгээлде белгилөөнүн 90 күнү тууралуу" буйругу менен таанышты.

"Нан өндүрүүчүлөргө (наабайчыларга) жана бөлүштүрүүчүлөр тарабынан аталган буйрук аткарылбаган учурда мыйзамдарга ылайык чара көрүлөт.

Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында "Фрунзе", "Глобус", "Народный" ири гипермаркеттеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, борбор калаада бааларды көзөмөлдөө чаралары улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: