Түркияда Газада көз жумгандар үчүн үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Түркияда Газада көз жумгандар үчүн үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазды.
Аза күтүү 19-октябрдан 21-октябрга чейин уланат. Анын алкагында Түркияда жана анын чет өлкөлүк мекемелеринде мамлекеттик желектер жарым ылдый түшүрүлөт.
Эрдоган муну палестиналыктарга тилектештик билдирүүсү катары түшүндүрдү.
"Биз Түркияда палестиналык боордошторубуздун кайгысын жүрөгүбүз менен сезип жатабыз. Үч күндүк жалпы улуттук аза күтүү өлкөбүздө миңдеген шейиттерге болгон сый-урматыбыздын белгиси катары жарыяланды. Каза болгондордун көбү — балдар жана бейкүнөө жарандар", — деп жазды Эрдоган соцтармактагы баракчасына.
Газада акыркы маалыматтар боюнча 3,4 миң киши набыт болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.