Ташиев чек ара чырында жаракат алган чек арачы Таирбек Инхамовго Бишкектен батир берди



Камчыбек Ташиев Тажикстандын кол салуусунда жаракат алган чек арачы Таирбек Инхамовго батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ташиев чек арачы менен бүгүн, 19-октябрда жолугушкан. Жолугушуу учурунда Инхамов Таирбек Даврановичке Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Мындан сырткары, УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.
Тажикстандын кол салуусунда Таирбек Инхамов миномёттун жарылуусунан эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда ал ата-энеси менен жашайт.
