Ат-Башы райондук электр тармактары жаңы трансформаторлорду орнотууда

Маалым болгондой, буга чейин эскилиги жеткен 160 киловольт-ампер трансформаторлор айыл тургундарынын керектөөсү өскөндүгүнө байланыштуу, суук катуу жүргөн аймакта өз нормасынан 33 пайызга ашыкча жүктөм менен иштеп келген, эми кубаттуулугу жогору 250 киловольт-ампер трансформаторго алмаштырылууда.
Мындан тышкары Бирлик жана Өзгөрүш айылдарына кошумча 900 метр 10 киловольт жана 2 чакырым 0,4 киловольт аба чубалгыларын тартып, 10/0,4 киловольт 1 даана трансформатор орнотулуп,жалпы 11 чакырым электр чубалгылары тартылган.
"Бүгүнкү күндө Ат-Башы районуна бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштери аяктады.
Жасалып жаткан иштер калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууу максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.