super.kg logo

"Түндүк" санариптик документтер жана мамлекеттик кызматтар эми MBANK тиркемесинде

 

MBANK менен Түндүктө санариптик документтерди жана мамлекеттик кызматтарды алуу оңой болуп калды.

Кыргызстандыктар MBANK тиркемеси аркылуу санариптик документтерди жана мамлекеттик кызматтарды: ID паспортун, айдоочунун күбөлүгүн, унаанын каттоо күбөлүгүн жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кызмат «Түндүк» мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргелешкен иштин аркасында мүмкүн болду.

«Биз үчүн кардарларыбызга ыңгайлуу кызматтарды түзүү жана алардын убактысын үнөмдөө маанилүү, ошондуктан биз дайыма популярдуу жана актуалдуу кызматтарды киргизебиз. MBANK’та «Түндүк» кызматы аркылуу алынган санариптик документтер жана сертификаттар кагаздагы документтерге эквиваленттүү болуп таанылат.

Жакын жерде паспортуңуз жок болсо дагы, аны азыр MBANK тиркемесинен ар дайым таба аласыз. Документтерди санариптик форматта мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга көрсөтсө болот», - деп банктан билдирди.

Учурда MBANK’та 50гө жакын мамлекеттик акысыз кызматтар бар. Ошол эле учурда «Мамлекеттик кызматтар» сервиси толугу менен акысыз көрсөтүлөт.

Кызматты колдонуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

- «Мамлекеттик кызматтар» сервисине өтүңүз

- «Түндүк» бөлүмүн тандаңыз

Сиз биринчи жолу киргенде, авторизациядан өтүп, «Түндүк» (БИС*) үчүн сырсөздү киргизишиңиз керек. Экинчи жана кийинки кирүүлөр үчүн авторизация талап кылынбайт, кирүү кыска PIN-код же биометрика (манжа изи же FaceID) аркылуу ишке ашырылат.

*Баштапкы авторизациялоо үчүн булуттук электрондук кол тамгасын алышыңыз керек, муну MBANK’та «Электрондук кол тамга» кызматы аркылуу жасоого болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: