super.kg logo

Жазайым Мадалбекова: “Эл чогултуп берген акчаны кайрымдуулук фонддун жетекчиси кайтарып бер деп жатат”

 

Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №1078-санында Болсунбек Баатырбеков аттуу жарандын маеги чыккан. Анда каарман өпкө оорусунун айынан баасы 100 миң доллар турган операцияга муктаж экенин айтып элден жардам сураган эле. Анын тагдыры окурмандарды кайдыгер калтырбаптыр, банктык эсебине бир топ акча чогулган. Тилекке каршы, Болсунбек мырза быйыл 15-сентябрда каза болуп калган. “Кайрымдуу бол” фондунун жетекчиси Азамат Байматов кайрымдуулуктан түшкөн акчанын калганын кайтарып берүүнү талап кылып жатат” дейт маркумдун жубайы. Эки тараптын тең пикирин уктук. Маркумдун жубайы “чогулган акчаны бербейм, аны кыргыз эли күйөөмө деп чогултуп берген” десе, фонддун жетекчиси “башка муктаждардын өмүрүн сактоо үчүн элден чогулган акчаны кайра элге бериши керек” дейт.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 20-октябрда чыккан жаңы - №1089 санынан окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: