Коңшу Казакстан Орусияга жүздөн ашык товар берүүнү токтотту
Коңшу Казакстан Орусияга товардын 106 түрүн берүүнү токтотту. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Тыюу казакстандык өндүрүшчүлөргө да, чет элдик өндүрүшчүлөргө да тиешелүү. Тыюу дрондор жана алардын тетиктери, атайын электроника, чиптер жана ушуга окшош буюмдар сыяктуу товарларды камтыйт.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев сентябрь айынын аягында Германияга болгон иш сапарында Астана Орусияга каршы санкциялык режимди карманарын айткан. Анын айтымында, Казакстан санкциялык режимди сактоо үчүн тиешелүү уюмдар менен байланышта. Ошол эле учурда Токаев Астана Москва менен кызматташуу саясатын карманарын жана Орусияга каршы эмес экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.