Казакстанда 15 жылдан бери документи жок жашаган эки кыргызстандык мекенине кайтып келди
Коңшу Казакстандын Алматы облусунун аймагында 15 жыл бою документи жок жүргөн эки Кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Р.Б.К жана К.Э.Т аттуу жубайлар Казакстанга 2008-жылы акча табуу үчүн барышкан, ошондон бери аларга Кыргызстанга чыгып, документтерин өз убагында тариздөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.
"Башкы консулдук тарабынан аталган жарандарды документтештирүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар көрүлүп, Кыргызстандын компетенттүү органдарынан тиешелүү документтерди алуу менен, жогоруда аталган жарандарга Кыргызстанга кайтып келүүгө күбөлүктөр таризделип берилди.
Мындан тышкары, Башкы консулдук тарабынан иштеген мезгили үчүн иш берүүчү тарабынан төлөнбөгөн эмгек акыны алууга көмөк көрсөтүлдү", - деп билдиришти министрликтен.
Кечээ, 18-октябрда жубайлар Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишти.

