Төө-Ашуу аймагына байкоочу аянтча куруу тапшырылды












Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, таанышуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү да бар.
Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын курууну тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.