super.kg logo

Тамеки чегүү менен күрөшүүдө эмне жардам берет - тыюу же альтернатива?

 

Чылым чегүү негизги глобалдык көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө. Жыл сайын тамеки тартуудан жана ага байланыштуу оорулардан 8 миллион адам, анын ичинде чылым чекпеген, бирок тамеки түтүнүнүн таасирине кабылган 1,3 миллион киши каза табат. Кыргызстанда мындай жаман адатка байланышкан ар кандай оорулардан 6 миӊден ашык адам мөөнөтүнөн эрте жашоосу менен коштошот.

Кыргызстанда калктын төрттөн биринен көбү тамеки чегет. Анын 45% жакынын эркектер жана дээрлик 3% аялдар түзөт.

Кыргызстан тамеки чегүү менен күрөшүүдө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Тамекиге каршы алкактык конвенциясында жазылган тыюу салуу жолуна түшкөн. Республиканын мыйзамдарында төмөнкүдөй бир катар катаал чектөөлөр каралган:

- коомдук жайларда, кафе, ресторан, мейманканаларда чылым чегүүгө тыюу салынат;

- темир жол бекеттеринин жана автобекеттердин имараттарында;

- бардык деӊгээлдеги мамлекеттик жана билим берүү уюмдарында, ооруканаларда;

- жабык базарлардын, стадиондордун, май куюучу бекеттердин аймактарында;

- коомдук транспорт аялдамаларында жана маданий-массалык, спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерде, лифттерде, кире бериштерде, тепкич аянтында жана жалпы пайдалануудагы имарат жайларда чылым чегүүгө тыюу салынат.

Мыйзамдар менен сигарет жана тамеки заттарын сатуунун, аларды маркалоонун жана тамеки өнүмдөрүнө акцизди акырындап көбөйтүүнүн жол-жобосу дагы жөнгө салынат.

Иштеп чыгуучулардын пикири боюнча, чектөөлөрдун жана тыюулардын жыйындысы чылым чегүүчүлөрдүн санын азайтууга алып келүүгө тийиш болчу. Бирок бул маселеде оӊ жылыштар азырынча байкала элек.

Альтернативдүү жол

Жыл башында Стокгольмдө өткөн эл аралык изилдөө семинарында Health Diplomats эксперттери «Швед тажрыйбасы: тамеки түтүнүнөн эркин коом үчүн жол картасы» деген изилдөөнүн бет ачарын өткөрүштү. Изилдөөнүн жыйынтыгы чылым чегүүгө каршы күрөшүү ыкмаларына жаӊыча көз караш менен кароого мажбурлайт.

Швецияда 2006-жылдан 2020-жылга чейин чылым чегүүнүн деӊгээли 60% төмөндөгөнү катталган – бул бардык ЕБ өлкөлөрү арасындагы эӊ чоӊ ылдыйлоо. Мында тамеки чегүүгө каршы күрөшүүнүн салттуу ыкмаларынын жардамы аз.

Акыркы 50 жылда бул европалык өлкө тамеки чегүүгө каршы күрөшүүнүн салттуу чараларын кээ бир өзгөчөлүктөр менен колдойт – алар зыяны аз, түтүн чыгарбаган альтернативдүү сигареттерге катаал чектөө киргизген жок.

Швеция өзүнүн стратегиясында тамеки чегүүгө байланышкан өпкө рагы, инсульт жана өпкөнүн өнөкөт обструкция ооруларын күйүү продукттары пайда кылары жөнүндө медициналык жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянат.

«Мында тамеки тартууга каршы күрөшүүнү зыянды азайтуу менен айкалыштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Коопсуз тамеки болбойт, бирок тамекини күйгүзүп чеккенге караганда никотинди түтүнү жок жеткирүүнүн зыяны азыраак. Андыктан чылым чегүүчүгө тамекини күйгүзүп тартуудан көрө, чылымдын зыяны аз альтернативдүү түрүнө өткөн алда канча жакшыраак», - дейт изилдөө авторлорунун бири, ДССУнун үч башкы директорунун жана БУУнун башкы катчысынын коомдук саламаттык маселелери боюна кеӊешчиси болуп иштеген Делон Хуман.

Швецияга чылым чегүүгө байланышкан оорулардын пайызын гана төмөндөтпөстөн, тамеки тарткандардын санын жалпы калктын 5,6% чейин азайтууга мүмкүн болду.

Тажрыйба көрсөткөндөй, тамеки чегүүдөн дароо баш тартууга караганда, никотинди жеткирүүнүн альтернативдүү жолдорун колдонгон чылым чегүүчүгө сигареттен баш тартуу алда канча жеӊил болот.

Жакынкы келечекте Швеция чылым чегүүчүлөрдүн саны боюнча 5% чекке жетет жана ошону менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан расмий түрдө “тамеки түтүнүнөн эркин өлкө” катары таанылары күтүлүүдө.

Изилдөөнүн авторлору көрсөткөндөй, Швециянын тажрыйбасын башка еврропалык өлкөлөрдө колдонууга киргизүүдө жакынкы он жылда 3,5 миллион адам өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот. Алар кадимки тамекиге караганда түтүнсүз чылымдардын зыяны жана тобокелчилиги азыраак экенин башка өлкөлөрдүн кабыл алуусун сунуш кылат; чылым чегүүчүлөргө фактыга негизделген маалыматтарды таратуу, ошондой эле тамеки чегүүчүлөргө зыяны азыраак альтернативдүү чылымдарга өтүүгө стимул берген жеӊилдиктерди дагы караштыруу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: