Чүйдө 15 жашар кызга үйлөнгөн жаран менен алардын никесин кыйган молдо кармалды
Ысык-Ата районунда жашы жете элек кызга нике кыйганы үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ивановка айылынын тургуну 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаран 2008-жылы туулган С.Н. аттуу жаш өспүрүмгө үйлөнүп, алардын никесин 1971-жылы туулган Р.А. аттуу имам кыйгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинин (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда өспүрүм кызга үйлөнгөн жаран менен имам шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.