Бишкекте айыл чарба көргөзмөсү өтүп жатат
Бүгүн, 19-октябрда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата "АгроТехЭкспо-2023", "Органик Экспо-2023" республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтүүдө.
Маалымдалгандай, анда заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, жаңы үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, органикалык продукциялар көрсөтүлөт.
Жарманке-көргөзмөсү 3 күн бою уланып ар кандай оюн, сынактар, мастер-класстар уюштурулат жана органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү арзан баада сатылат.
Бул иш-чаралар өлкөдө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана жайылтуу, органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоо максатында жүргүзүлүүдө.
Көргөзмө борбор калаанын борборунда 15 миң чарчы метрден ашык аянтта өтүп жатат.
Айта кетсек, бүгүн, 20-октябрь - Агрөнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Аларды буга чейин президент Садыр Жапаров куттуктаган.

