Бишкекте 1020 орунга ылайыкталган мектептин курулуш иштери 98 пайызга аяктады
Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда курулуш объектилерине пресс-тур өттү.
Анда калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров Кыргызстанда биринчи жолу мектептер арасында пилоттук долбоор иштелип чыкканын айтты. Анда №104 жана 64-мектептер жана 112 бала бакча биригип, бир директор жетектейт.
“Мындай пилоттук долбоор Кыргызстанда биринчи жолу иштелип чыгып жатат. Билими жагынан күчтүү мектеп менен билим жагынан аксап жаткан мектеп бириктирилет. Мындан тышкары бир бала бакча кошулат. Бала бакчада тарбияланган балдар дал ушул мектепте окуй алышат”,- деди калаа башчысы.
Белгилей кетсек, курулуш иштери жүрүп жаткан №104 мектеп 10-кичи районунда жайгашкан. Учурда алдын ала долбоордун негизинде имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, футбол, волейбол, баскетбол, воркаут, балдар аянтчалары орнотулуп, аймакты жашылдандыруу, унаа токтотуучу жай куруу иштери жүрүүдө.
Орто мектеп 1020 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 8000 чарчы метрди түзөт.
Подрядчы — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы.
Эске салсак, 8-июлда президент Садыр Жапаров И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бири менен таанышып, Бишкек мэриясына имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү жана аймакты жашылдандыруу, андан ары орто мектеп катары пайдаланууну тапшырган.
