super.kg logo

Илон Маск бир суткада 16 миллиард долларын жоготту

 

Америкалык ишкер Илон Масктын байлыгы бир күндө 16 миллиард долларга кыскарды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги изилдөгөө таянып жазды.

Маск Tesla Inc акцияларынын 9 пайызга төмөндөшүнөн улам 16 миллиард доллар жоготкон. Компания чейректеги киреше жана сатууларын өткөрүп жибергенден кийин компаниянын акциялары 9,3 пайызга төмөндөгөн. Бизнесмен электромобиль чыгаруучу ишкананын 13 пайыз акциясына ээ.

Ошол эле учурда Twitter'дин ээси дагы деле планетадагы эң бай адам. Bloomberg анын азыркы байлыгын 210 миллиард доллар деп эсептейт. Жылдык эсеп менен алганда, Илон Маск 72,6 миллиард долларга байыган.

Экинчи сапты Hennessy компаниялар тобунун жетекчиси Бернар Арно ээлейт. Анын байлыгы 155 миллиард долларга бааланган. Бир сутка ичинде байлыгы 999 миллион долларга өскөн.

Үчүнчү орунду америкалык Жефф Безос ээлейт. Amazon компаниясынын негиздөөчүсү 152 миллиард долларлык байлыкка ээ. Акыркы 24 саатта анын активдери 17 миллион 900 миң долларга кымбаттады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: