super.kg logo

Үч жолку Олимпиада чемпиону Анфиса Резцова каза болду

 

Олимпиаданын үч жолку чемпиону, советтик жана орусиялык биатлончу, лыжачы Анфиса Резцова 58 жашында каза болду. Бул тууралуу Орусиянын биатлон биримдиги билдирди.

Резцова 15-октябрда Москванын жанындагы оорукананын реанимация бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. 20-октябрда ал башка клиникага жеткирилиши керек болчу, бирок мурдагы спортчу эсине келбей каза болгон. Анын жүрөгү токтоп калган.

2023-жылдын март айында Олимпиада чемпионунун жүрөгү кармаган. Ал Владимир облусундагы үйүндө эсин жоготуп, андан кийин ооруканага жеткирилген. Ошондой эле гемоглобиндин аздыгынан мурунку спортчуга бир нече жолу кан куюлган.

Резцова биринчи олимпиадалык алтынды 1988-жылы лыжа эстафетасында алган. 1990/91 сезондо спортчу биатлонго өткөн. Андан кийин 1992-жылы Альбертвиллде жана 1994-жылы Лиллехаммерде өткөн Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: