super.kg logo

Бишкекте судья ири өлчөмдө пара алганы аныкталган, ал камакка алынды (фото)

 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Мурда маалым болгондой, 27-сентябрь күнү ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. көрсөтүлгөн жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган.

"Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманы далилдөө максатында бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 20-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле адвокат Ы.К.М. камакка алынды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2023. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: