super.kg logo

"РСК Банк": Дүйнө жүзү боюнча Visa жана MasterCard карталарына акысыз которуулар

 

"РСК Банк" RSK24 мобилдик банкингинде дүйнөнүн каалаган банктарынын Visa жана MasterCard карталарына дароо которуу кызматын сунуштайт.

Эми тиркеменин колдонуучулары дүйнө жүзү боюнча Visa жана MasterCard карта ээлерине онлайн шартында акча жөнөтө алышат. Булар Франция, Германия, Италия, Индия, Грузия, Түркия жана анын ичинде Кыргызстанды кошо алганда 100дөн ашык башка көптөгөн өлкөлөр.

Банк бул кызматтын ишке киришинин урматына акция жарыялайт, анын алкагында 2023-жылдын 23-октябрынан тартып 2024-жылдын 23-январына чейин бардык которуулар АКЫСЫЗ болот.

P2P Visa Direct жана Send кызматынын артыкчылыктары:

• Банк кеңселерине барбай эле, тез онлайн которуу;

Алуучунун картасынын номери боюнча которуу;

• Бир которуунун минималдуу суммасы: 100 сом;

• Максималдуу сумма: бир күндө 500 миң сом (күнүнө 4 которуу);

• Которуулар сом менен ачылган кайсы болбосун эсептерден жүргүзүлөт.*.

RSK24 мобилдик банкингде кантип которуу керек?

Башкы меню —> Төлөмдөр жана которуулар —> Төлөмдөр —> Башка банктардын карталарына которуулар —> Башка банктардын VISA/MC карталарына которуулар.

* Чет өлкө валюталарына конвертация Visa, MasterCard жана алуучу банктын курсу боюнча жүргүзүлөт.

Маанилүү учур. 2023-жылдын 24-январынан тартып которуулар үчүн төмөнкүдөй тариф күчүнө кирет: суммадан 1%, минималдуу 250 сом.

Которуу мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси банктын сайтында шилтемеде көрсөтүлгөн https://rsk.kg/ru/news/besplatnye-perevody-na-visa-i-mastercard-po-vsemu?for_who=individual






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: