super.kg logo
  Саясат  

Кытай менен өз ара маданий борборлорду түзүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 18-майда Сиань шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы "Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

"Макулдашуу Кытайда кыргыз маданий борборун түзүүнү жана Кыргызстанда кытай маданий борборун түзүүнү караштырат. Көп улуттуу региондогу улуттук-маданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү улуттук маданиятты жайылтуунун эң натыйжалуу куралы болот. Анткени маданий борборлордун линиясы боюнча эки тараптуу алмашуу бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Алар биринчи кезекте өз маданиятын пропагандалоо жана чет өлкөлөрдө өлкөнүн позитивдүү образын түзүү менен байланышкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 18-октябрда дароо үч окууда кабыл алынган.

Эртеси депутат Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорун кескин сынга алган. Эл өкүлү мамлекет башчысына кайрылып, кол коёрдон мурда келишимдин ички маңызына дыкат көңүл буруп чечим чыгарууну өтүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: