super.kg logo

Сузакта 100, 200 миң сомдук кочкорлор уурдалган. Шектүү катары 18-20 жаштагы 4 жаран кармалды

 

Сузак районунда асыл тукум кочкорлорду уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБине 7 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар 20-сентябрдан 18-октябрга чейинки аралыкта короосунан 15 баш койлорун уурдатып жиберишкенин билдирген. Алардын арасында базар баасы 100 миң жана 200 миң сом болгон асыл тукум кочкорлор да болгон. Натыйжада жабырлануучулар 650 миӊ сомго жакын чыгымга учурушкан.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары 2003-жылы туулган А.С., А.А., 2004-жылы туулган З.Н. жана Жалал-Абад шаарынын тургуну 2005-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Уурдалган койлордун ичинен асыл тукум кочкорлор менен кошо бешөө табылып, өз ээлерине кайтарылып берилгени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: