super.kg logo

Ислам Каримовдун небереси ачык сүрөттөрүн таратып жиберген орусиялык блогер менен ажырашып кетти

 

Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Марьям Тилляева орусиялык видеоблогер Амиран Сардаров менен ажырашып кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ушундай абалга кабылган кыздар мени түшүнүшөт. Моюнумдан оор жүк түшкөндөй эле болду. Мен расмий түрдө 2 жарым жыл мамиледе болдум, анын 8 айында гана чогуу болдук, калган убакта чогуу болгон жокпуз. Эми мен бул көптөн күткөн кабарды расмий түрдө жарыялай турган күн келди - мен акыры ажыраштым!", – деп жазган Марьям Тилляева.

Ал мурунку күйөөсүнө блог жүргүзүүдөгү тажрыйбасы жана насаатчылыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мариям Тилляева буга чейинки интервьюларынын биринде жолдошу физикалык жана эмоционалдык зомбулук көрсөтөрүн айткан.

2021-жылы Амиран Сардаров ошол учурдагы аялы Марьям Тилляева менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Анда интернет колдонуучулары Марьям Тилляеванын ич кийимсиз сүрөткө түшкөнүнө өзгөчө көңүл бурушкан. Сүрөткө өзбекстандыктар нааразычылыгын билдирип, терс пикирлерди калтырышкан. Кийинчерээк блогер сүрөттү өчүрүп, интернет колдонуучуларынан, Өзбекстан элинен жана Каримовдордун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, эч кимге ыңгайсыздык жараткысы келбей тургандыгын билдирген.

Амиран Сардаров менен Мариям Тилляева 2021-жылдын апрель айында баш кошушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: