super.kg logo

УКМК экстремисттик материалдарды даярдап жана тараткан жарандарды кармады

 

Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу каналдары аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 24-оетябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, терроризмге каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө ушул жылдын октябрь айында УКМК тарабынан тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча 2 каналга бөгөт коюлду.

"Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз жарандары О.А. жана С.Т. аталган ДЭУнун медиа канатынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелип кармалды, ошондой эле алардын жашаган жеринен төмөнкүдөй буюм далилдери табылып, алынды: дисктер, смартфондор, ноутбуктар, өндүрүштүк принтерлер", - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар Юстиция министрлигине караштуу ЖАК 21-тергөө абагына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: